Өттү эле бабалар
Азияны билип таң кылган
Өмүрүнө барабар
Карыш жерге болуп жан курман
Касиетин жоготпой
Сактап келген кыргыз элдигин
Карабагың жомоктой
Сан кылымга жаңган эрдигин
Кайырма:
Ооболоп кыргыз бириксе
Зоо тоолор болор бийикте
Ай батынан ай жанган
Ала-Тоону айланган
Теңелебиз эркин куштарга
Сол канатым түштүк деп
Оң канатым түндүк деп
Эмне жетсин шаңшып учканга
Ач көздүкпү азыркы
Ала-Тоону жутуп койбойлу
Бабалардай байыркы
Ата-Журт деп күйсөк болбойбу
Укум жерди сатпайлы
Ансыз деле калдык азайып
Урпактарга сактайлы
Ак калпакчан мекен ажайып
Кайырма: