Датасы: 02.08.2024
Формат: mp3

Көзүңө карасам,

Көл болуп баратам,

Жүрөктү мынча жийитет.

Тартылып баратам,

Тагдырым, тамашам,

Ашыкмын көлдүк жигитке

Кайырма

Көлдүгүм, Көлдүгүм ай,

Көлдүктөн өлдүмбү ай

Көзүңдөн толкун көрдүм ай

Сезимтал көлдүгүм ай,

Сезондо берди Кудай,

Сезимде сени көрдүм ай

Ысык Көл байырлап,

Ыргытып кайырмак

Балыктай илдиң, көлдүгүм

Махабат тамырлап

Мадырап, жан ырдап

Жүрөктү тилдиң көлдүгүм

Кайырма

Көлдүгүм, көлдүгүм ай,

Көлдүктөн өлдүмбү ай,

Көзүңдөн толкун көрдүм ай

Сезимтал көлдүгүм ай,

Сезондо берди Кудай,

Сезимде сени көрдүм ай

Көңүлдүн дабасындай

Көлүмдүн абасындай

Сергитип турган кезиң ай

Өзүмдүк сезилдиң ай

Өрүктөй эзилдим ай

Жалыңдайт жакштык кези ай

Көлдүгүм, Көлдүгүм ай,

Көлдүктөн өлдүмбү ай

Көзүңдөн толкун көрдүм ай

Сезимтал көлдүгүм ай,

Сезондо берди Кудай,

Сезимде сени көрдүм ай

Один комментарий к “Нурила — Көлдүк жигитке тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *