Жамгыр себелеп
Сезим тамчысы
Жерге төгүлөт
Билбейм кайгымды
Жүрөк эзгенсип
Булут көчүрөт
Сени эстесем
Ойдун баарысы
Сага бөлүнөт
Алысты карасам
Сени элесиң
Мага көрүнөт
Кайырма
Артыңды карачы
Жүрөктүн жарасын
Сүйүүмдүн тамчысы
Жаным
Сезимим санаасы
Көзүмдүн карасы
Сүйүүмдү баалачы
Жаным
Баскан жолуңда
Шамал шыбырап
Сактайт сырларын
Көз жаштай тамчылар
Сени билгенсип
Жазат ырларын
Сенин артыңда
Көлөкө сымал
Турам ар дайым
Жамгырдай туптунук
Чексиз сүйүүнү
Түбөлүк самаймын
Кайырма
Нурканай Каримова — Артыңды карачы тексти
Датасы: 09.01.2025 Көрүүлөр: 118