Датасы: 09.01.2025
Формат: mp3

Жамгыр себелеп
Сезим тамчысы
Жерге төгүлөт
Билбейм кайгымды
Жүрөк эзгенсип
Булут көчүрөт

Сени эстесем
Ойдун баарысы
Сага бөлүнөт
Алысты карасам
Сени элесиң
Мага көрүнөт

Кайырма
Артыңды карачы
Жүрөктүн жарасын
Сүйүүмдүн тамчысы
Жаным
Сезимим санаасы
Көзүмдүн карасы
Сүйүүмдү баалачы
Жаным

Баскан жолуңда
Шамал шыбырап
Сактайт сырларын
Көз жаштай тамчылар
Сени билгенсип
Жазат ырларын

Сенин артыңда
Көлөкө сымал
Турам ар дайым
Жамгырдай туптунук
Чексиз сүйүүнү
Түбөлүк самаймын

Кайырма

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *