Булактын этегинде
Көк шиберди уйпалап
Кол кармашып жүрчү элек
Көпөлөктү кубалап

Көк шыбыктан
Атты минип
Кайра кайра камчылап

Эстейсиңби
Ойлойсуңбу
Биз өткөргөн түндөрдү

Кайырма:
Ал түн турат
Асыл турат
Айланайын бала чак

Түз булактын жайыгынан
Кучактооло гүл жыйнап
Жалгыз аяк жолго түшүп
Чуркай элек жан кыйнап
Акырында чырдашчу элек
Бир урушуп бирге ыйлап

Эстейсиңби ойлойсуңбу
Биз өткөргөн күндөрдү

Кайырма:
Ал түн турат
Асыл турат
Айланайын бала чак

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *