Датасы: 20.04.2024
Формат: mp3

Эңсөөм күчөп канбай кумарым
Эске түшсөң эргийт кыялым
Кереметиң жанды балкытат
Кең Кочкорум алтын турагым

Айыктырган көнүл жаратың
Азып келсем кубат табасың
Сезимимди көпкө күүлөнтүп
Сен бергенсиң учар канатты

Кайырма:
Апакемдей ыйык карааның
Ачканмын сенден өмүр барагын
Кучак жайып тозчу Кочкорум
Кубаакыдан ашып барайын

Атакемдей ыйык карааның
Алыс кетсем күчөйт санаа мууң
Отту демим эңсейт өзүңдү
Орто токой бойлоп барамын

Көздөн учуп ыйык карааның
Көп көрбөсөм күйүп жанамын
Көз тийбесин көркөм жериме
Көкүлүңө тумар тагайын

Алтын уям алтын Кочкорум
Айтса бүтпөс дастан окшодуң
Кучагың жай аруу койнуңдан
Кубат алып эргүү топтоюн


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *