Капилеттен не этип сага байландым
Жүрүп жүрүп ак сүйүүгө айланды
Мурда жүрсөм эч нерседен бейкапар
Эми такыр таппай жүрөм айламды
Көз карашың бир өзүмө дем берет
Жылмайышың аба сындуу эң керек
Эмнегедир жолукканда мен сага
Билбейм калам айтарымды эмнеде
Кыйналганым кыскалганым үчүнбү
Кээде үнсүз кармалайсың жүзүңдү
Кичинекей ак көпөлөккө өзүмдү
Сездиң бекен Ала-Тоодой күчүмдү
Аяна Эгембердиева — Сездиң бекен тексти
Датасы: 09.06.2022 Көрүүлөр: 863