Датасы: 05.12.2024
Формат: mp3

Айылдын эң сулуусу

Атың болчу Айсулуу

Ашык болгом мен сага

Сен он сегиз жашыңда

Сага жазган катым бар

Жетпей калган ал кабар

Ала качкан башка бала

Жүргөн кезде бей капар

Кайырма

Кете бердиң сен башкага

Салып мени азапка

А мен калдым түн кучактап

Айсуулуум деп садага

Сага болгон тун сүйүүмдү

Эми айтам башкага

Жүрөгүмдө сен жашайсың

Айла барбы садага

Чачың тарап жасанган

Чырайың бар асандан

Сен тарапка барганда

Коркчу элем атаңдан

Махабатка берилдим

Бирок андан жеңилдим

Кээде туруп куса болом

Азыр кандай келинсиң

Нурлан Насип — Айсулуу тексти: 4 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *