Билбей канча кетирдим ката
Баарын бирдей кетирдиң ата
Ааламдай кенен жүрөгүң менен
Бакыт тилеп бересиң бата
Анансайын ойго батамын
Азыр минтип өзүм атамын
Бактылуумун чындап анткени
Баласымын сендей атанын
Кайырма;
Тилегим атам тирегим атам
Ден соолукта узак жашачы
Кубатым атам кубанчым атам
Өмүрүмдүн сенсиң башаты
Бар байлыгым жөлөгүм атам
Сизди жакшы көрөмүн ата
Аска зоом менин атыңдан сенин
Апам менен жүз ашып жаша
Билем кээде ойго саламын
Бир себеби мен го саананын
Өзгөрүлүп ата болсом да
Өзүң үчүн дале баламын
Эн сонун чыккан ыры
Жакшы ыр экен Нурлан байке
Мен жактырган ырым
Ата жөнүндө ыр ?
Баарын бирдей Кетирдин деген ката
Баарын бирдей кечирдин туура
Дааа ошондой
Сонун ыр
Атам 50 го чыкканда ушу ырдаймын эхх ата-энелер аман болсун
Атам 50 го чыкканда ушу ырдаймын эхх ата-энелер аман болсун
Жакшы ыр мага жакты ата апа көп жашагыла
Сонун ыр мага жагат
Ото сонун ыр экен
Сонун ыр
Эң мыкты