Датасы: 26.10.2020
Формат: mp3

Жүрөгүм алып учат, эмне менин
Жүргөндөй ортосунда асман- жердин.
Маңкайып Теңир Тоонун маралындай
Махабат жетелетип, кайдан келдиң?

Кайырма:
Жалт карап эстен тандым саламыңа
Жайнаган жаздай сүйкүм жамалыңа.
Агылып бара жатты, ороп мени
Аппак гүл сенин келген тарабыңа.

Арзуудан ажыраткыс бир күч барбы
Айбаты барат мынча түн кыскарды.
Жоготуп албас үчүн жолугууну
Жолуңа төшөсөмбү жылдыздарды.

Кайырма:
Жалт карап эстен тандым саламыңа
Жайнаган жаздай сүйкүм жамалыңа.
Агылып бара жатты, ороп мени
Аппак гүл сенин келген тарабыңа.

Бактысын издеп жүргөн жалгыз сенби?
Бактысын издеп жүргөн жалгыз менби?
Күн санап, өмүр турсак, конокко окшоп
Күнөлөш күнөө чыгар сүйгөндөрдүн.

Кайырма:
Жалт карап эстен тандым саламыңа
Жайнаган жаздай сүйкүм жамалыңа.
Агылып бара жатты, ороп мени
Аппак гүл сенин келген тарабыңа.



Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *