Айтканды укпаган
Ашыкча уктаган
Болсо да кылыгың
Болсо экен жукпаган
Жамыңды билбеген
Жасалма күлбөгөн
Алтындай мүнөзгө
Ашыкмын күндө мен
Кайырма:
Өзгөчөм сүйдүрөсүң күйдүрөсүң
Жаным жазала
Өзүң билип чөнтөгүмдүн баарын тазала
Сенсиз кантип жашамакмын
Аны билбеймин
Сени сүйөмүн
Сенден башка жанды сүйбөймүн
Болбосту болтурган
Бакытка жол урган
Ташкындап сүйүүсү
Тамакты кор кылган
Азгырып сүйдүргөн
Азапка күйдүргөн
Кылыгын сүйөм да
Ыйлатып күлдүргөң