Датасы: 28.10.2020
Формат: mp3

Көрүндүң ай көзгө иримде,
Көп карап ай жалт-жалт тигилем.
Кете алгыс кылып байладың,
Керемет ай сүйүү,
Керемет ай сүйүү жибине.
Карашың мага ок болуп,
Жалындайт ай билем чок болуп.
Арнаган жылуу сөздөрүң,
Кабылсам ай кетет,
Кабылсам ай кетет жок болуп.
Созулуп ай жылга күн өттү,
Соолуду ай жазга гүл өнүп.
Жолукпай кантип жүрмөкпүз?
Табышмактуу, сырдуу,
Табышмактуу, сырдуу сүйлөшүү.
“Селт” этем ай кирпик илинсе,
Себепкер ай сенсиң иримде.
Чыга алгыс кылып чырмадың,
Сыйкырдуу ай сүйүү,
Сыйкырдуу ай сүйүү жибине.

Нурзат Садыкова — Керемет сүйүү тексти: 5 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *