Датасы: 11.05.2022
Формат: mp3

Жалгызмын деп кайгырасың
Балдарым деп айыгасың
Жалгыз бой деп элдер айтса
Кайгырба бул жалганда
Баткан күндүн таңы бар го
Кызым балам баары бар го
Алар сага алмаштыргыс
Дарылар го

Кайырма:

Чыдамкайсың буза албайсың
Өзүң салган ал уяны
Чарчабайсың асыл айым
Үй-бүлөнүн сенсиң булагы

Бирде күчтүү бирде алсыз
Ой жүгүртөт өзү жалгыз
Өзүм дебей өмүр сүрүп
Махабатсыз
Санаа куса көздөрүңдө
Сагыныч бар өз демиңде
Келишкен бир дене мүчөң
Өзгөрүлбөйт

Бирөө сага түзүк карайт
Бирөө оюн бузуп карайт
Суранарым андайларды
Оюңа алба
Тагдыр экен көтөрөрсүң
Жакшы үмүт жетелесин
Эмгегиңди бул өмүрдө
Эселесин

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *