Датасы: 24.10.2022
Формат: mp3

Азыр эмес азыр оорубагын сен
Обонумду ырдап бүтө элекмин мен
Айгай салган ушул албуут заманда
Алганыма али керектирмин мен

Азыр эмес азыр ыйлабагын сен
Жыргалымды татып бүтө элекмин мен
Оомал төкмөл ушул кыйын заманда
Балдарыма али керектирмин мен

Азыр эмес азыр жеңилбеймин мен
Жемишиңди берип бүтө элексиң сен
Ыр дүйнөсү маңдайымды жаркытып
Али бакыт дале күтө элекмин мен

Азыр эмес азыр оорубагын сен
Азыр эмес азыр жеңилбеймин мен
Эл- журтума дале керектирмин мен
Азыр эмес азыр эмес азыр эмес

Клип — Жүрөгүм менен сүйлөшүү

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *