Датасы: 27.09.2022
Формат: mp3

Жел жүрүп ыргалса бак-дарак
Толкуса шуудурап ар тарап
Тамылжып супсулуу көздөрүң
Мен деп бил айланаң бир карап

Күн жааса терезең черткилеп
Мен черттим ошондой ал билет
Мен деп бил уктасаң ойгонуп
Жаткандай ал түндү белгилеп

Жумшак жел чачтарың тараса
Жылдыздар көз кысып караса
Баратсаң же жалгыз көчөдө
Мен деп бил күлкүң жанаша

Эргисе жүрөгүм башкача
Сен сүйгөн музыка башталса
Мен деп бил бүт денең балкытып
Сүйүү бар дагы эле таптаза

Клип — Мен деп бил

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *