Сөзү, обону Элдики

Кайчы бир кулак кара атым,
Кара атым эмес канатым
Калың элдин ичинде,
Какшап бир турчу адатым.

Топчу кулак тор атым,
Тор атым эмес канатым.
Топ жыйындын ичинде,
Тойпондоп ырдар адатым.

Жакалай бүткөн даракты,
Жайкы жел жүрүп ыргалтты.
Жаш гана мендей балдарды,
Шайыр турмуш ырдатты.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *