Датасы: 09.03.2021
Формат: mp3

Айтайын алтын курдашка,
Ачылат көңүл сырдашса,
Кубанып көңүл шат болот
Кол кармашып бир басса.

Жашчылык жайдын курагы,
Жазгы эле бойдон турабы.
Жашында ойноп күлбөсө,
Жазылбайт жаштын кумары.

Кызылды кийсен кубулуп,
Кыяктай үнүң угулуп.
Кайчылаш өтсө кымбат жаш
Кыйкырсаң келбейт бурулуп.

Жаш кезиң кандай көңүлдүү
Эмгегиң сонун көрүндү
Ушундай жыргал турмушта
Өткөрсөк жыргал өмүрдү

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *