Датасы: 08.02.2025
Формат: mp3

Сен барда баары кулпурат
Гүлдөр да сага умтулат
Аларга сезилесиң бакыттай
Сен менен дүйнө жылмаят
Теребел теңиз нурданат
Табият дагы сага ашыктай
Мага окшоп ал дагы сага ашыктай

Эй жароокер уялыңкы
Жан биргем ынагымсың
Жылт эткен жылдыздай
Көрсөм деп эңсеткен
Жүрөктү эң назик арзууга терметкен
Сен менин кубулжуган ырларымсың

Сен мага кубат берген жыргалымсың
Өзүңдү көрсөм кубанам
Кубанбай кантип тура алам
Мен күткөн асыл адам сен болсоң

Эргүүгө чындап толмокмун
Мен эң бактылуу жан болмокмун
Эгерде мага өзүң тең болсоң
Түбөлүк өмүр жарым сен болсоң


Акшоолам алтынайым
Мен кантип жашырайын?
Бүркөлгөн кабакты жаркыган
Жаз кылган бүтпөгөн махабат
Дастанын жаздырган нур чачкан
Жан дүйнөгө жарык айым
Шоолаңды өмүрүмө чачылайын




Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *