Качанкы бир кезде дарак кыйып, андан отун даярдап жан баккан бир жигит  болуптур.  Ал  күчтүү, эмгекчил жана түз жүргөн жакшы адам болгондуктан көптөгөн бай кишилер аны өзүнө кызматкер кылып алгылары келишчү экен. Бирок эркиндикти сүйгөн отунчу эч кимге көзкаранды болгусу келбейт. Андыктан отунчулук жумушу оор болсо да андан баш тартпастан иштеп жүрө берет.

Бир күнү отунчу токойдо өз иши менен алек болуп иштеп жатса кандайдыр дабыштар угулуп,  карай калса буту жарадар антилопаны карышкыр кууп жетип, тиштегени калыптыр. Балтасын ала калып антилопаны куткарыш үчүн жүгүргөн отунчу олжосунуна жакындаганынан улам көзүнө эч нерсе көрүнбөй калган карышкырды  чаап өлтүрүп, антилопаны өлүмдөн сактап калат.

Ал тургай антилопанын жараланган бутун таңып, анын эс алып, өзүнө келүүсүнө жардам да берет. Карышкырдын курч тиштеринен куткарылып, ажалдан калганы аз келгенсип отунчунун камкордугуна кабылган антилопага бир кезде адамча тил бүтүп мындай деди:

— Рахмат, сен мени ажалдан алып калдың. Мен дагы сага жардам бергим келет.

Антилопанын адамча сүйлөгөнүнө таңгалган отунчу сурады:

— Сен кантип мага жардам бересиң?

— Эгер сенин башыңа иш түшсө же менин бир жардамым керек болуп калса токойдун чыгыш жагында өсүп, жалаң сары гүл ачкан хоэ дарагын үч жолу такылдатсаң мага жолугасың,- деп антилопа жүгүргөн бойдон токойдун арасына кирип кетти.

Ошентип күндөр өтө баштады. Күнүмдүк жашоонун түйшүгү менен отунчу адамча сүйлөгөн антилопаны унутуп койду. Бир күнү ал отун даярдап жүрүп токойдун чыгышында өскөн жалаң сары гүлдөргө чулганган хоэ дарагын көрүп антилопанын айтканын эстеди.

Буга ишенип, ишене бербеген отунчу текшерип көрмөкчү болуп хоэ дарагын үч жолу такылдатканында анын боорунан эшик ачылып, буга абдан таңгалган отунчу ичине  кандай кирип кеткенин билбей да калды.

Кирерин киргени менен андагы асыл таштар менен алтын-күмүштөрдүн жаркырагынан көзүнө эч нерсе көрүнбөй ордунда катып калды. Көзү бул жаркыракка көнө түшкөндө анын алдынан ак сакалдуу карыя тосуп чыкты.

— Сенин кандайдыр суранычың бар?- деп сурады ал.

— Мен өзүмдүн отунчулук жашоомо ыраазымын. Жөн гана антилопаны көргүм келет,- деди отунчу.

— Мейли, көрсөң көр, ал менин багып жүргөн асыл жандыгым,- абышка алаканын шакылдатканда бөлмөгө баягы антилопа кирип келип, адамча сүйлөп отунчу менен учурашты. Экөө аркы-беркини сүйлөшкүчө абышка отунчуну даамдуу тамактары менен сыйлады. Кетеринде ал өзүндө кандай суранычы бардыгын сураганда отунчу:

— Мени менен антилопа барып бир аз күн чогуу жашап келсин,- деп кантип айтып жибергенин билбей калды.

Абышка кыйылып жатып макул болуп, антилопаны отунчуга кошуп берди. Ошентип отунчу антилопаны жаман кепесине ээрчитип келип, экөө жашай башташты. Отунчу күнүгө балтасын алып ишине кетип, кечинде  кайтканда үйү жыйналуу, тамагы жасалуу болуп калат.  Буга отунчу аябай таңгалса да антилопадан  сурабады. Антилопа да эч нерсе айтпады. Ошентип күндөр өтүп жатты.

Антилопанын келиши менен жашоосу жыргалга айланган отунчу  бир күнү балтасын алып жумушуна кеткени менен бир аздан кийин кайрылып келип, үйүнүн ичин каалга жылчыгынан шыкаалады.

Караса, антилопа үстүндөгү терисин чечип жиберип, супсулуу кызга айланып калды. Кыз очокко от жагып, үй ичин жыйнай баштаганда отунчу акырын кирип барды да, антилопанын терисин отко ыргытып өрттөп салды. Ары карап иш кылып жаткан кыз бурула берип териси күйүп жатканын көрүп, ыйлап жиберди.

— Эми мен эч качан антилопага айланып, мурунку жашоомо кайтып бара албайм…

— Эгер сен мурунку жашооңо кайтып бара албасаң, менин колуктум бол. Мен сени алаканыма салып бөпөлөп багам, анткени мен сени бир көргөндө эле сүйүп калдым,- деди отунчу.

— Мен да сага милдеткермин, анткени менин өмүрүмдү сактап калгансың. Сендей жакшы адам менен бирге жашоого макулмун,- деди кыз ыйлай берип көз жашы түгөнгөндө башын көтөрүп.

Ошентип экөө бактылуу жашап калышыптыр, балдарым.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы41
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок24
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр менен эчки20
Карышкыр жана жети улак18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *