Үмүт жанды сен жолугуп
Мен жабыркап жүргөн кезде
Үмүтүмдү өчүрбөчү
Суранарым таштап кетпе
Бир жарык нур ала келдиң
Булут баскан жан дүйнөмө
Карегиңде жайнап турду
Мен жоготкот ошол дүйнө
Каайырма:
Катып алып сени жүрөгүмө
Карааныңа заармын ушул күндө
Капилеттен тапкан махабатым
Жашай берчи менин жүрөгүмдө
Билем бирге боло албайсың
Мени менен асыл эркем
А бирок да ыраазымын
Ошол күнгө сен кезигип
Сага деген аруу сезим
Таза бойдон кала берсин
Тагдырыма макул болуп
Мен баш ийип калган кезим