Самара Каримова — Өрүкзарга кетели

Көчүрүү (скачать)

Сөзү : М.Тураеваныкы

Обону : А.Жайнаковдуку
Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга,
Сунушумду суранам, четке какпа.
Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө,
Сыйыналы бир келген бактыбызга.

Мөл булакка барабыз ай тоскону
Ат жалында шамалда ойношкону.
Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели, макул болчу.

Айлуу түндө никелеп сүйүүбүздү,
Өрүкзарга чачалы күлкүбүздү.
Жылдыздарды терели чачыласын,
Булактарга сүйдүрүп жүзүбүздү.

Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели, макул болчу.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1613
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти274
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти190
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти114
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти95
Улан Осмон уулу - ДОКЕ тексти92
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти82
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти76
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти68
Сыймык Бейшекеев - Таарынба тексти67

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.