Сүйүү-бакыт бул өмүрдүн бир булагы
Ал үйүмдүн жылуулугу, шам чырагы.
Ал бакытты эзилишкен эки жүрөк курабы?
Мен жакшы, сен жаман дебе
Капа болсоң, унут кээде
Бул турмуштун кээде ыйлатып,
Же сүйүнткөн сынагы.
Эркелесең эзилемин бирге басып
Сага болгон махабатым толкуп ашып.
Мындай бакыт болсо, маанайымда кун ачык.
Көрбөй калсам бир азга мен шашыламын
Баргым келет мен жаныңа ашыгамын.
Махабатым шам чырагым
Жан тумарым, ардагым.
Мен жакшы, сен жаман дебе
Капа болсоң, унут кээде
Бул турмуштун кээде ыйлатып,
Же сүйүнткөн сынагы.
Жүзүң жарык, кубанычта жүргүн дайым
Менин кунум, менин айым, сүйгөн жарым.
Сени сүйөм, сен деп жашайм
Жаным менин ардагым.
Робин Жээнтаев — Суйгон жарым тексти
Датасы: 29.03.2022 Көрүүлөр: 437