Датасы: 20.08.2021
Формат: mp3

Чоң сүйүүгө чакырам мен сени
Эч нерсе менен алмашкыс
Чоң сыноого чакырам мен сени
Эч нерсе багынтып алалгыс
Тереңдике чакырам мен сени
Батынып эч бирөө бар алгыс
Тереңдике чакырам мен сени
Зангырап түбөлүк курагыс

Сырларыма чакырам мен сени
Эч бирөө туйунун таба алгыс
Ырларыма чакырам мен сени
Эч бирөө кумарым кан алгыс

Өмүрүмө чакырам мен сени
Эч качан экинчи жаралгыс
Турмушка чакырам мен сени
Эч качан кызыгып тан алгыс

Чындыка чакырам мен сени
Жалтанып жалгандык келе алгыс
Адалдыка чакырам мен сени
Арамдык кирдетип кете алгыс

Бакытыма чакырам мен сени
Эч бирөө өзүмдөй төгө алгыс
Сүйүүмө чакырам мен сени
Толкуну ааламга сыялгыс

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *