Датасы: 09.12.2022
Формат: mp3

Бул өмүрдүн сыйкыр жолуна мен
Сүйүү үчүн келгенин
Жалындаган жалгыз ойлорумда сен
Ошон үчүн эркемин
Сенде болгон тунук сезимдер үчүн
Сезбейм өмүр аздыгын
Канча мезгил бизден алыстаса да
Бил сен үчүн наздыгым

Кайырма:

Бил сен ханышамын жалгыз ханыша
Сен алыстаба махабат багынан
Жашоо жарыгында бирге болобуз
Мен кайталангыс жомоктогу ханыша

Арбып турган сенин кара көздөрүң
Чын сүйүүнүн дүйнөсү
Жан эргиткен балдай ширин сөздөрүң
Сезимдердин гүлдөрү
Арзуу толгон ар бир кыялым үчүн
Сенде менин жүрөгүм
Тагдырыма жетсең болду мен үчүн
Бил сен үчүн өмүрүм

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *