Датасы: 23.04.2024
Формат: mp3

Өкүттүү кусалуу жарааттуу
Өзгөчө армандуу азаптуу
Өзөктү тытмалап да бир түн
Өзүңсүз дагы бир таң атты

Кайырма:

Мелжиген дүйнөгө батпай чын
Мен келем сен эшик ачпайсың
Мен жетчү бактыны ыйлатып
Мен кетчү жолума таштайсың

Сенсиз мен адашкан жөжөдөй
Сени издеп чыйпылдап жөнөмөй
Серпилсем бир сенсиң билмексен
Сен үчүн бир жалгыз мен өгөй

Кайырма:

Сүнгүп мен чыга албас санааны айт
Сүрүнгөн сүрүлгөн жарааны айт
Сүйүүнүн бул мерез мыйзамы
Сүйдүргөн сүйгөндү айабайт

Нурайым Акылбекова — Сүйүүнүн мерез мыйзамы тексти: 8 комментарий

  1. Уккан сайын уккун келет мээн жыргайт эс алат туболукко жашайт ❤️‍❤️акын Элмирбек .

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *