Эстедим жаш чагымды,
Тил албай айтканыңды.
Азабым даалай тартып,
Ак басты чачтарыңды.
Кеттим мен билим сапам,
Күттүң го жолум карап.
Кең жайып тасмалыңды.
Күйүттү эч билбеген,
Күн каалайм кеч кирбеген.
Арка бел атабыздын,
Жоктугун сездирбеген.
Ажалдан күч келсе да,
Ааламды бүт берсе,
Алмашпайм эч ким менен.
Байтерек караныңыз,
Бакыт, кут жамалыңыз.
Кудайдан өмүр тилеп,
Кыйшайсам таядыңыз.
Жараткан аян кылган,
Пайгамбар баян кылган,
Бейиш жай таманыңыз.
Корго деп эл-жериңди,
Тарбия бергениңди.
Апаке кантип актайм?
Ак сүтүм эмгенимди.
Соолбосо асыл денем,
Жер сайып башым менен,
Кайтарам эмгегиңди.
Роза Шакирова — Апакем тексти
Датасы: 03.10.2020 Көрүүлөр: 915
Ырлары озу да жагымдуу суйуктуу ырчым