Сен эми тоо гүлдөй ачыласың
Чачкандай көктөм айым чачыласың
Мен эми узун түндө уктабастан
Бүрүйгөн түндөрүмдү сагынамын

Кантем оо сен жанымда болсоң кана
Өзүмдү арнамакмын жалгыз сага
Аттиң арман жетпей калган сүйүү
Жашайбыз жазылган тагдыр менен
Аттиң арман

Сен эми гүл кайырсың гүлүн ачкан
Жан дүйнөң жалгыздыкка сырын ачкан
Шооласы болсоң айдын атаганат
Түндөсү тереземден нурун чачкан

Сен эми тоо гүлүндөй кулпурасың
Илкиме элесиңди кулпуладым
Кусага жүрөгүмдү чырмап коюп
Кай жерде жүрдүң экен жан кубатым

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *