Айылың укмуш экен,
Ай тийген кечте келдим.
Сунуштап бир оюңду,
Суранам кетпе дедиң.
Кайырма:
Жымыңдайт ушул күнгө,
Жылдыздар күбө болуп.
Жаныңда калгым келди,
Жароокер бүлөң болуп.
Өңүм да, түшүм эмес,
Өзүнчө жомок болуп.
Билемин келгенимди,
Бир күнгө конок болуп.
Кайырма:
Көнөрбөс сезимиңди.
Көзүңдөн көрүп турам.
Бир арман экөөбүздү,
Бир жол бар бөлүп турган.
Кайырма:
Руслан Нарынбаев — Бир арман тексти
Датасы: 02.10.2020 Көрүүлөр: 496