Асманда учкан сонорсуң.
Айланып жерге конорсуң.
Кейитпе кайненеңди,
Келиндүү сен да болорсуң.
Көкөлөп учкан сонорсуң,
Көп учпай көлгө конорсуң,
Кайнене көңүл калтырба,
Кайнене сен да болорсуң.
Апалар аппак сүтү бар,
Али да каруу күчү бар,
Акылың болсо келиним,
Апалап коюп күчүн ал
Акылың болсо келиним,
Апалап алдап күчүн ал
Эмизген ыйык сүтү бар,
Эми да кубат-күчү бар.
Эсиң бир болсо келиним,
Энелеп коюп күчүн ал.
Рустам Сагыналиев — Келинге насаат тексти
Датасы: 08.10.2020 Көрүүлөр: 2284
ырдын сөзүнүн, обондун авторлору ким?