Датасы: 16.07.2020
Формат: mp3

Окшоштурсам сага гүл өңүн,
Азыктанат көпкө жүрөгүм.
Шаңкылдаган шайыр күлкүңдөн,
Ырахаттуу өмүр сүрөмүн.

Жылмайыңкы жылуу карасаң,
Көңүл эргип жибип баратам.
Жүрөгүмдө кайнап буу бүркөт,
Бир сүйүүдөн бүткөн арашан.

Көңүл черин үмүт уялап,
Албууттанып, жүрөк уялат.
Сырга терең курчтук сыйбаган,
Кайдан бүттү мага бул адат?

Жүрөк бетин чексиз сыялап,
Неге болдуң мынча кыянат?
Билбей жүрөм сырдын түйүнүн,
Же чыкпайбы, жаным, тыянак?

Рыспай Абдыкадыров — Түгөйүм тексти: 8 комментарий

      1. Р.Абдыкадыровдун баардык ырлары жүрөктүн тереңинен орун тапкан ( теңдешсиз) ырлар.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *