Датасы: 24.10.2020
Формат: mp3

Нукура тийген күндөйсүң,
Нуруна куштар ким дейсиң.
Кылчая карап бассам да,
Кыялым, жигит, билбейсиң.
Айдарым соккон желдейсиң,
Айланып неге келбейсиң?
Жылмая карап тоссом да,
Жылдызга колуң сермейсиң.
Өтпөсө деймин өмүр бош,
Өмүргө жөлөк өмүр кош.
Жүрөгүм таппай түгөйүн,
Жүрбөйүн жаным көңүл кош.
А таңда жарык нур келет,
Анткени бурулчу беле?
Жүзүңдөн жүзүм от алып,
Жүрөккө жүрөк сыр берет.

Рыспай Абдыкадыров — Жүрөккө жүрөк сыр берет тексти: 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *