Сүттөй бир сүйкүм, сүзүлгөн жеңе,
Көркүнө көзүм түшүргөн жеңе.
Ак алма мисал жүзүңдөн жеңе,
Ак куудай айбат түзүңдөн, жеңе.

Алкымың алды бүчүңдөн жеңе,
Албырткан жанды күчүңдөн жеңе.
Түндө бир көргөн түшүңдөн жеңе,
Саатта саанын бүтүргөн жеңе.

Чачпагың учу шырп этет жеңе.
Шырп этсе жүрек зырп этет жеңе.
Зырп эткен жүрөк шааниңен жеңе,
Эртелеп сааган сааныңдан жеңе.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *