Тоолору бийик кыргыз жеримдин,
Чокулары ага көрк кошот.
Пейили ак кардай элибиздин,
Сый менен мейманын тосот.
Кайырма :
Бар болгун, мекеним — Кыргызстан,
Турмуштун кыры менен алышкан.
Жаңырсын үнүң, атың чыксын алыстан,
Өнүгүп-өркүндө, Кыргызстан!
Келечек-тагдыр сенин колуңда,
Уул-кызың кызмат өтөсүн.
Ынтымак болсо, эгер дайыма,
Өнүгүп көккө жетесиң.
Кайырма:
Сагыныч — Кыргызстан тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 325