Сайрандап көңүл дууласын,
Толтура куйгун кесени.
Бир тамчысын калтырбай,
Бир жуталы дешели.
Кан майданда табылган,
Кайрадан көктөп жаңырган.
Салтанат ушул турмуштун,
Гүлдөшү үчүн ичели!

Тартышкан жоосун талкалап,
Тайманбай өскөн эзелден.
Кайгынын басса салмагы
Кара жердей көгөргөн.
Кубаты күндүн нурундай.
Тунугу тоонун суусундай,
Элибиз үчүн ичели!

Талпынган куштай бөпөлөп,
Таалайга арнап төрөгөн.
Ымыркай кезден алпештеп,
Чынарга бойду теңеген.
Ал түндө эчен ойгонуп,
Ак сүтүн берген толгонуп.
Энебиз үчүн ичели!

Жүзүнөн нуру балкыса,
Жүрөгүнө гүл өнүп.
Өзгөгө бурбай көңүлүн,
Өмүрүн кошкон түбөлүк.
Кубанычты бир көргөн,
Кайгы муңду тең бөлгөн.
Жарыбыз үчүн ичели!

Карагаттай гүлдөгөн,
Кайгырууну билбеген.
Мунунду жазып тараткан,
Булбулдай ширин тил менен.
Эркеси болгон адамдын,
Ээси жыргал замандын
Балабыз үчүн ичели!

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *