Куш көрсөм ай-асманда жалгыз учкан,
Ыйлагым келет кээде жалгыздыктан.
Жан эзип элесиңди эркелетем,
Өзүңдү көрүп алып көз жашымдан.
Бактысыз күнүм узарып,
Баса албай жүрөм тушалып.
Жаздыктын эки жагында,
Сагыныч менен кусалык.
Ууландым арзуу деген балдай уудан,
Мен сенсиз жашаганга жаным курман.
Болсун деп бой боздоймун өмүр бою,
Шамалдай өзүнө өзү аска курган.
Кайырма:
Кутул деп ким бирөөнүн кучагынан,
Жанымды жанга ургулап улам-улам.
Балыктын үнү менен кыйкырамын,
Калтылдап кайырмакта туйлап турган.
Кайырма:
Саламат Садыкова — Жалгыздык тексти
Датасы: 23.10.2020 Көрүүлөр: 550