Самара Каримова — Уктатпачы мени, жазгы жаан тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Уктатпачы мени, жазгы жаан,
Сыйкырдуу түн сырын тыңшайын.
Келе жаткан көктөм кабарын,
Бөлүшүүгө таңды жумшайын.
Уктатпачы мени, жазгы жаан,
Жашыл дүйнө шаңын саамайын.
Ага арналган ыйык саптардын,
Алгачкысы болуп калайын.
Эргүүлөргө толуп көңүлүм,
Эртеңдерге үмүт улайын.
Жазда күтчү сүйүү баянын,
Жүрөктөргө шыбыр улайын.
Уктатпачы мени, жазгы жаан,
Ойлор кыйнайт сырлар ачылбай.
Шолоктогон жашка айлана,
Сагынуулар менде басылбай.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1497
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp3978
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти345
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти193
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти138
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти123
Эрлан Андашев — Өкүнбө тексти100
Данияр Эрматов - Мен кыргызмын тексти97
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти94
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти90

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.