Датасы: 18.04.2020
Формат: mp3

Алдаба куру бекер сөзүң менен
Ансыз да жалыныңа күйүп келем
Ашыктык ак шооласын чачкан болсо
Армансыз бул жашоодон өтпөйт белем

Элесиң эске түшсө эрке жансың
Энчилеп жүрөгүмдү ээлеп алдың
Көз караш күлмүңдөгөн сезим менен
Күнөөсүз жүрөгүмдү эзип салдың

Алдаба куру бекер сөзүң менен
Ансыз да жалыныңа күйүп келем
Ашыктык ак шооласын чачкан болсо
Армансыз бул жашоодон өтпөйт белем

Самара Каримова Алдаба клип

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *