Датасы: 31.03.2025
Формат: mp3

Танбас кадырыңа
Татынам кантип жетейин?
Мен мас атырыңа
Жаныңан кантип кетейин?
Мөл-булак айылыма
Үйүмө алып кетейин
Байландым салган тузагыңа
Чийесин кантип чечейин?

Кайырма:
Ак-чөлмөк издеп түн таанышканбыз
Ай батышын күтүп жарышканбыз
А канча биз да таарынышканбыз
Издешип кайрадан табышканбыз

Айдай нурданасың
Ааламды жарыка бөлөп
Ой бай сурабасын
Калыңды койгонмун төлөп
Той дагы узабасын
Камдадым сага белек
Өзүмө башка буйрубасын
Өмүрдө өзүңдөн бөлөк

Кайырма:
Ак-чөлмөк издеп түн таанышканбыз
Ай батышын күтүп жарышканбыз
А канча биз да таарынышканбыз
Издешип кайрадан табышканбыз

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *