Датасы: 02.04.2025
Формат: mp3

Мага арнап кат жазасың сыялап
А бирок неге бербейсиң?
Алгансың жүрөгүмдү уялап
А бирок неге келбейсиң?

Кайырма:
Карындаш күлөсүң күлөсүң
Байкеңди кыйнап жүрөсүң
Менин да сүйөрүмдү билесиң
Жүрөгүмдү неге тилесиң

Булактан суу алганда ийилип
Күн болуп нуруң чагылат
Айылдын жигиттери үйүлүп
Дайрадай сага агылат

Кайырма:
Карындаш күлөсүң күлөсүң
Байкеңди кыйнап жүрөсүң
Менин да сүйөрүмдү билесиң
Жүрөгүмдү неге тилесиң

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *