Сени эмес, ошол кезди сагынам,
Сезим күчөп, махабатка балкыган.
Бирге болуу кызык болуп баарынан,
Акылга эмес, жүрөгүмө багынгам.

Сени эмес, ошол кезди сагынам,
Сезим күчөп, махабатка балкыган.
Бирге болуу кызык болуп баарынан,
Акылга эмес, жүрөгүмө багынгам.

Пайдасы жок, өчкөн отту тутанткан,
Күндөр өткөн — кайгырткан да, кубанткан.
Кубалашмак ойнотконсуп куу турмуш,
Катаал күндөр бөлдү мени бакыттан.
Кубалашмак ойнотконсуп куу турмуш,
Катаал күндөр бөлдү мени бакыттан.

Кайырма:
Сени эмес, ошол кезди сагынам,
Сезим күчөп, махабатка балкыган.
Бирге болуу кызык болуп баарынан,
Акылга эмес, жүрөгүмө багынгам.

Насип кылса, чын бакытты Кудайым,
Убактылуу сыноолорго сынбаймын.
Жараткандан бакыт тилеп ар күнү,
Мен кайрадан жаңы жашоо баштайын.
Жараткандан бакыт тилеп ар күнү,
Мен кайрадан жаңы жашоо баштайын.




Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *