Датасы: 15.02.2023
Формат: mp3

Капыстан көрдүм сенин көзүңдү
Кыялбас жүрөк нурлуу жүзүңдү
Катпай эч тыңда сөзүмдү
Көрдү да жаным мерт үзүлдү
Колумда гүлүм сунуп барам
Ошондо балким сага жагамын
Жүрөгүң ээси бол талабым
Арбап бүгүн сени самадым
Жамгырдай эх

Чачтары кара кара
Чачы ийилгендей каштары кара кара
Кара каш ой курчап ар тараптан
Кара кара кара аралаш кел бийкеч бийлеп койчу
Кана кана карындаш жылмайсаң жүрөгүм тарс тарс
Тарс тартынбай жигит алга бас бас бас бас
Өзүңсүз дүйнөм калат аз
Акбасын эч дилимден жаш

Булактай тунук көздөр аралдай
Кантейин артык сөз да табалбайм
Жыпар жыт кадамың тарытса
Мен болсо дале турам бара албай
Арыктан аккан суудай барайын
А балким бир күн сага жагамын
Жылдызга толо жүрсүн асманың
Бар бактым сага гана арнадым

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *