Таң менен ишке бараткан,
Таалайга көркүң жарашкан.
Талаанын көркү селкисин,
Таасирин элди караткан.

Алтындын багып аппагын,
Айткан антты актадың.
Эмгегин сендей сулуунун,
Элиме келет мактагым.

Талаанын укмуш узусуң,
Талаада эмгек кызысың.
Тагдырын сүйкүм өзгөчө.
Таалайлуу эмгек кызысың.

Таңдагы чолпон нурусуң,
Талабын артык сулуусуң.
Талыкпай аткар ар дайым,
Тапшырган элдин сунушун.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *