Датасы: 09.10.2020
Формат: mp3

Айдай сулуу айымдар,
Агын болуп бул ырлар,
Силер үчүн, айымдар.
Чырай жүздүү айымдар,
Силер жашоо жалыны,
Чексиз күчүң, айымдар.
Жадыраган жан дүйнөм,
От чачат чексиз.
Нуруң төгүп жүзүңөн,
Баркың кол жеткис.
Кайырма:
Аяна — айымдардын эң назик периси,
Аяна — бакыттын белгиси.
Аяна — жадыраган менин жан садагам,
Аяна, берекем, Аяна.
Толкун жашоо шарында,
Таазим кылам айымга,
Таң булбулу — айымдар.
Эне болуп балага,
Дары болуп жарага,
Аман болсун айымдар.
Балбылдаган көздөрүң,
Жымыңдап сулуу.
Бал жыттанган сөздөрүң, Баарынан улуу.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *