Датасы: 27.10.2020
Формат: mp3

Сагындырып, жалындырып,
Жолугууга камындырып.
Жомок болуп кезиктиң да,
Кеттиң жолдон жаңылдырып.
Кызуулатып, ызылдатып,
Тынч күнүмдү ызылдатып.
Жараатымды не ырбаттың, ай?
Туз сепкендей тызылдатып.
Кайырма:
Мас кылдырып, соолуктуруп,
Махабатка оолуктуруп.
Ажырадым акылымдан,
Акыл-эстүү болуп туруп.
Келем аны жыйнай албай,
Кеттиң жалгыз, калдым сагалай.
Убал жоктур ушу мага,
Уйпаладың өчүң бардай.
Кызуулатып, ызылдатып,
Тынч күнүмдү ызылдатып.
Жараатымды не ырбаттың, ай?
Туз сепкендей тызылдатып.
Кайырма:

Один комментарий к “Съездбек Искеналиев — Кеттиң кайда? тексти”

  1. Аслоому Алекуум кандайыздар иштер зорбу А кети кайда ыры жакты мага️️➕➕➕✅❣️❣️❣️❣️❣️❣️❣️️мен бийлеп турдум. рахмат сиздерге зор ыр экен эх ог. Бугун ошо ыр эске келди анан издей баштадым юутупда жок экен хуромдон чыкты тааптым акыры ырдын манисин ката жазыпмын корсо мас кылдырып деп кети кайда экен даа ырдын Аты.укан сайын коп жолу уктум и кочуруп Алдым

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *