Датасы: 11.03.2023
Формат: mp3

Жылмайып мага карасаң
Арбалып сага байланам
Сезимди таптым өзүңөн
Издеген ошол ааламдан
Сен мага сүйүү арнадың
Бактым деп сени тандадым
Сүйүүдөн мага жолуккан
Сен менин кымбат адамым

Кайырма:

Сени сүйөмүн сага эркелеп
Мен жашагым келет сени менен
Менин жаныма өзүң керексиң
Жүрөгүмдү сен алдың ээлеп

Караймын сага байланып
Бактылуу жанга айланып
Сезилдиң ушул ааламда
Келгендей мага арналып
Мен сени сүйөм башкача
Сен деген сезим таптаза
Бир болуп дайым сен менен
Эч бергим келбейт башкага

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *