Ичимде толгон күйүт бар элим
Күйүтүм айтам билип кал элим
Саргарып Садыр түрмодө жатат
Аллага жалгыз үмүт бар элим
Чындыкты сүйлоп чыркырап Садыр
Чымындай жаны буркурап Садыр
Карааны тоодой элге ишенип
Капаста калды кантейин Садыр
Капарга чиркин туя албадык
Ыйлаган сөзүн уга албадык
Жабылып журтуң бир муштум болуп
Садырыбызды чыгара албадык
Кумтөрдүн айтып зыянын элге
Бийликтин айтып кыялын элге
Кантейин арман капаста жатат
Эл үчүн күйгөн бир шордуу пенде

Атасы өлдү арман күн эле
Баласы өлдү карантүн эле
Жакындарынан жатса да узап
Эрдигин кылат айтчы ким эле
Калган жок Садыр анда да күчсүз
Күйүткө чыдап көк жалдай үнсүз
Анткенин анын атасын эл да
Күч кубат берген баласы бизбиз
Убактан эрте акталчы Садыр
Милдетин элдин аткарчы Садыр
Кыйналган калкың үмүтсүз калды
Колуңа алып башкарчы Садыр
Түндүк бол элге байке сиз эми
Алланын сенсиң элге белеги
Түндүктү дайым көтөрүп турган
Кереге уугуң болуп бер эми

Туратбек иниң сенин жаныңда
Ар дайым сыйлап кылып камылга
Ал дагы сиздей азап чегиптир
Буулуп колуң шордуу аның да
Байлардан алып жесирге берген
Чоңдордон алып жетимге берген
Айла жок түшүп кылмыш жолуна
Азаптуу күндү ал дагы көргөн
Бандит деп айтып байдын нечени
Түгөнбөйт айтсаң сөздүн эсеби
Түрмөдө жаткан бандиттер эмес
Эл билет бандит кимдер экенин
Кошомат кылып көбү баратат
Көргөндө арман жүрөк канатат
Манас деген сөз башкага эмес
Садыр байкеме гана жарашат
Жараткан алла сөзүмдү угаар
Биздин да бир күн күнүбүз чыгаар
Тизелеп аллах жардам сурайын
Жаткырбай сызга Садырды чыгар










Один комментарий к “Шайлообек Кыдыралиев -Садырга тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *