Датасы: 28.05.2024
Формат: mp3

Эркелеп этектеп эс тарткам

Тарбия мээримди бүт алгам

Атамдын деми менен

Алдыга умтулуп баратам

Кайырма

Бейиштин жытындай ырыңдай

Берметим ыйык апакем

Куласам жөлөгөн кубатка бөлөгөн

Тирегим тоодой атакем

Ыйласам чырдасам чыдаган

Оорусам жаныман чыкпаган

Апакем бар үчүн мен

Ар бир аткан таңга кубанам

Кайырма

Бейиштин жытындай ырыңдай

Берметим ыйык апакем

Куласам жөлөгөн кубатка бөлөгөн

Тирегим тоодой атакем

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *