Бир тикмечи жашаптыр. Күнү бою баш көтөрбөй иштесе да жашоосу оңолбоптур. Бул жакырчылыгына кийимге буюртма кылган поптор себепчи экенин, анткени алар өзүнөн кийимди арзан алып, базарга барып кымбатка сатып, пайдага марып жүргөнүнөн көргөн ал бир күнү ошол ыйык чалыш “атакелерден” өч алмай болуп амал таап, аны ишке ашырыш үчүн таардан шляпа тигип шаарга жөнөйт.

Ал калаадагы биринчи эле жолуккан аракканага кирип, бир бөтөлкө таза аракка акча төлөп, бирок аны албастан шляпасын көрсөтө берип:

— Силерге кайра келе жатканымда кирем, ошондо ушул шляпамды көрсөткөнүмдө унчукпастан арагымды куюп берип койгула, — деп өтүнөт.

Араккана ээлерине эмне арагы өтсө болду да, тикмечинин бул өтүнүчүнө баш ийкешет. Тикмечи кийинки аракканага кирип аракка акча төлөгөнү менен мурункудай эле аны албай; кожоюндарына жанагы өтүнүчүн айтып, аларды да макул кылат. Үчүнчү аракканага кирип да ушундай эле келишим кылат. Ошондон жөнөп түз эле чиркөөгө келип сыйынган соң, өзүнөн тиккен кийимдерин арзан алып, базарга кымбат саткан алып сатаар попторго мындай деп кайрылат:

— Ой атакелер, сиздер менен көптөн бери иштешип жүрөм, бүгүн бир шаарга келгениме байланыштуу сыйлап коёюн дедим эле, жүрбөйсүздөрбү жүздөшөлү.

Бекерге көнгөн поптор ичтеринен кымыңдашканы менен “Бул томоякта каяктан ашык акча пайда болуп калды?” — деп бүшүркөшүп тикмечини ээрчишет.

Тикмечи биринчи аракканага кирип эле сатуучуга таар шляпасын көргөзгөндө, унчукпастан бир бөтөштү алардын алдына коё салат. Поптор буга катуу таңгалганы менен унчукпастан тикмечи менен ыстыкан кагыштырып, ак моюнду бөлө тартышып, сыртка чыкканда “чала өлүк болгон” жандары тамшанып турушат.

— Ой, атакелер, бир шише аз болуп калды окшойт төртөөбүзгө, жүрүңүздөр, дагы бирди алайын, — деп сыр билги болумуш эткен ал кудуңдаган попторду ээрчитип жөнөп, кийинки шарапканадан акчасы мурда төлөнүп коюлган арагын шляпасын көрсөтө берип, бул бөтөлкөлөштөрүн дагы сыйлайт. Таар шляпаны көрсөтүп койсо эле арак алдыга келгенине таңгалган поптор кыйла кызып, сыртка чыкканда тикмечиден мунун себебин сурашат.

— Эч кимге айтпаңыздар, бул сыйкырдуу шляпа менен ушул убакка чейин жан багып келатам. Кайсы дүкөнгө кирип көрсөтүп койсоң эле бүттү: дүкөнчүлөр өздөрү да билбей, каалаган нерсеңди кармата салышат. Ушунча болду, дагы бирди ичели анда, — деп калп-чынды койгулаштырган ал кийинки аракканага кирип, шляпасын көрсөтө берип, дагы бир арак алып поп атакелерди биротоло алагүү кылат.

Эми поптор чындап шляпанын сыйкырына ишенип сыртка чыкканда тикмечиден аны сатуусун өтүнүп турушат. Башында ай асманга секирип макул болбогон тикмечи акырындан жибип, ошондо да таар шляпасын кымбат баалап, поптор менен көпкө соодалашкан соң, абдан жакшы баага сатып жиберип:

— Атакелер, эми сыйкырдуу шляпага жакшы мамиле кылып, бирөөңөр эле кийгиле, кокус талашып-тартышып таарынтып алсаңар, сыйкырын көрсөтпөй коёт, — деп жакшылап эскертип жолуна түшөт.

Оңой олжого туйтунгандарына ичтеги күү кошул-ташыл поптор тикмечинин бул эскертүүсүн мындай чыкканда эле унутуп, мен кием, сен кийбе болуп талашып уруша кетишет. Шляпаны ары-бери жулкушуп айрый жаздап, анан тикмечинин эскертүүсүн эстеп токтолушат.

Анан ары кетип, бери кетишип, сыйкырдуу шляпанын арты менен жакынкы кийим дүкөнүнө кирип буттан башка чейин жакшылап кийинип чыкмай болушат. Дүкөнгө кирип сыйкырдуу шляпаны көрсөтүп, каалаган кийимдерин талап кылышканда, буга түшүнө бербеген сатуучулар ур-тепкиге алып кубалап чыгышат.

Ошентип шляпанын сыйкырынын иштебей калуусун өздөрүнүн ары-бери жулкуп айрый жаздаганынан көргөн поптор шалпайып жолдоруна түшкөн экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок38
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *