Эстеп, эстеп эртели кеч өзүңдү,
Элестетем көргүм келет көзүңдү.
Уюп, уюп кызыгыңа берилип,
Уксам деймин балдан ширин сөзүңдү.

Эрте турам, таң жели согот бир кезек,
Ээликтирет от жүрөктү терметет.
Көз алдыма сүрөт сындуу тартылуу,
Көз карашың күлө карап эркелеп.

Күндөр сызып, айлар өтүп баратат,
Күндө жаңы, күндө жарык таң атат.
Окуун окуп, көптү билип эл менен
Ойноп, күлүп жүрсөң болду саламат!

Учат күндөр, учкан сайын санаймын,
Улам-улам сүрөтүңдү караймын.
Жыл айланып, жылдар жылып өтсө да,
Жүрөктөшүм, жүрөктөсүң ар дайым.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *