Датасы: 05.08.2020
Формат: mp3

Адашып сен экөөбүз эми
Өчкөндөй махабаттын деми
Байкалбай урап баратабы
Тургузган ак сүйүүнүн чеби

Түшүнбөйм мен да билбейм деги
Билбеймин анын не себеби
Биз менен иши жоктой азыр
Жай согот салкын күз илеби

Кайырма:
А балким кайра табышарбыз
Кол кармап бирге жанашарбыз
Түшүнбөй сезимдерди тунук
Таптакыр мүмкүн адашарбыз
А балким дүйнө бир кезербиз
Махабат деңизди кечербиз
Түшүнүп турмушта өйдө ылдыйга
Жүрөктөрдөн туюп сезербиз

Ак сүйүүм менден алыстаба
Адашып жолдон чалыштаба
Аябай бакытты берсе эмне
Жараткан ченеп карыштаба

Мезгил сен алга арыштаба
Күч бергиң сезим багынтышка
Табигат койнуна жылытчы
Махабат үшүп турат суукта

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *